№18 Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинде «Күз берекеси» сынагы болуп өттү. Анда 1ден 11-класска чейинки окуучулар жашылча-жемиштерди алып келип көргөзүштү.
Сынакта мыкты жасалгалар үчүн орундар берилди.
«Конкрус аябай жакшы өттү. Окуучулар да активдүү катышты»,—деди мектептин завуч организатору Алиман Шаршалиева.
«Бул жылда өтүп туруучу конкрус. Быйыл дагы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Окуучулар өзүлөрүнүн фантазиясы менен таң калтырышты»,—деген ою менен бөлүштү мектеп директору Калык Албанов.
Окуучулар сынакка даярдап келген жасалгалары боюнча мындайча ой бөлүштү.
«Мен бул бийлеп жаткан кызды роза гүлүнөн жасадым. Бул идеяны мага эжейим сунуштады»,—деп айтып берди 9-классынын окуучусу Адина Осмонова.
10-классынын окуучусу Гүланда болсо күрүчтөн жасаган чыгармасы боюнча мындай деди.
«Бул жасалганын темасы ак куулар. Ак кууларды күрүчтөн жасадым»,—деди 10-класстын окуучусу Гүланда Ибраева.
Автор: Гүлжан Нуркасым кызы