Токтоян айылында аптеканын жоктугунан дарылар дүкөндөрдө сатылып келет. Ал эми айыл башчы өкмөттүн планында аптека куруу азырынча жок
экендигин айтты.
Айыл тургуну Фаризат Садырова аптеканын жоктугунан дарыны магазинден алгандыгын айтты.
«Магазинде жок болсо, таксиден берип ийебиз», — деди Садырова.
Айыл тургуну Мурат Жумакадыров дары алыш үчүн 35км аралыкка барууга аргасыз экендигин айтты
«Бир дарың 5,10 сом болсо ага барганыңа жүз сом кетет, бир күнүңда текке кетет», — деди Жумакадыров.
Айылдагы ФАПтын (фельдшерский— аптечный пункт) медайымы Элнура Маматкулова дарылардын туура эмес шарттарда сакталышы адамдын ден— соолугуна зыян тийгизерин айтты.
«Ар кандай аллергия бериши мүмкүн, магазинде күнгө сактаганга болбойт. Дарыларды сактаган өзүнчө кабинет болуш керек, күнгө тургандадагы өзүнүн эффектисин жоготот, ысыктадагы сууктада болбойт бирдей температура болуш керек», — деди Маматкулова.
Дары саткан магазиндердин биринин ээси Бурул Жаамбаев дарыларды алып жатканда адистен кеңеш алаарын белгиледи.
«Караколдогу аптекадан алабыз […] айылга алып келип, сатып жатканда кеңеш беребиз», — деди Жаамбаева.
Экинчи дүкөндүн өкүлү Чыңгыз Кеңешбек уулу апасынын медициналык билими болгондугун айтты.
«Мамам 3-курска чейин медиктин окусун окугандыктан алуучуларга кеңеш беребиз»,— деди Чыңгыз.
Ал эми Токтоян айыл башчысы Айбек Алмабеков жакынкы убакта аптека курулбашын айтты.
«Айыл өкмөттүн планында жок,андан чоң объектилер көп», — деди Алмабеков.
Авторлор: Темирболот Өсөрбек уулу, Данияр Болот уулу, Гүлжан Нуркасым кызы.