Мектеп окуучуларынын арасында предметтик олимпиаданын алгачкы-мектептик туру адатта ноябрь айында өткөрүлүп келген. Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу даярданууга мүмкүнчүлүк аз. Ошондуктан окуучуга убакыт берүү керек деп белгиленет КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү буйругунда.
Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору Астра Токтогулованын берген маалыматына караганда окуу жылы башталгандан кийин эле мугалимдер өз предмети боюнча олимпиадага катышуучу окуучуларды тандап алышкан.
“Аларга онлайн тапшырмалар берилип, окуучунун убактысына карата даярдап жатышат. Албетте бет-маңдай отуруп, окуучунун суроолоруна жооп берип, кайтарым байланыш жасоо маанилүү. Бирок окуучулардын санына жараша ар бир предмет боюнча окуу бөлмөлөр бөлүнүп берилип, ийкемдүү графиктин негизинде мектепте даярданууга болот. Олимпиаданын мектептик турун бардык санитардык нормаларды сактап өткөрүү үчүн шарт түзүп берүүгө аракеттерди көрүп жатабыз”,- дейт.
Олимпиадага окуучулар ата-энесинин макулдугу аркылуу өз каалоосу менен катыша алат.
Министрликтин буйругунда (03-2/4991/) олимпиаданын
1-этабы(мектептик) –декабрь
2-этабы(райондук)-январь
3-этабы(облустук)-февраль
4-этабы(республикалык)- март айында өткөрүү пландаштырылганы белгиленген. Бирок эпидемиологиялык кырдалга байланыштуу өткөрүү убактысы жана форматында өзгөрүү болушу мүмкүн.
Акталаада мугалимдер онлайн курстардан өтүп жатышат
Барчын Мамытбекова