Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жалпы жамааты быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата 3 бөлүмдөн турган концерт коюшту. Анда алгач Саякбайдын бала чагы, колхоздоштуруу, эгемендик жылдар сахналаштырылып, Корчубек Акназаров, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Президент Алмазбек Атамбаевдин образдары чагылдырылды.


Колхоздоштуруу мезгилиндеги жаштардын чөп чабыктагы кызуу жумуштары, достук бийлери элдин купулуна толду.

Көңүл эргиткен ыр-бийден, комуз күүлөрүнөн сырткары “Мугалим келиндердин козголоңу”, ар кандай сатиралык тамашалар тартууланды. Мектеп директору Ч.Рысбаеванын айтымында “мугалимдер кечке эле сабак өтүү менен чектелбестен мына ушундай иш чараларды да уюштуруп, өткөрүп, катышып турат. Мугалимдик кесиптин өзү чыгармачылыкты талап кылат.” Концерттин сценарийин мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Какаева Гүлмира жана Эгешова Жаныл жазып, даярдашкан.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира