Билим баалуулугуна мугалим, ата-эне жана окуучу үчөө чоогу аракет кылмайын натыйжа болборун байкаган педагог ата-энелер үчүн “Энелер мектебин” ачкан. Ал Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында 1997-жылы №3 экспременталдык гимназияда Гапыр Мадаминов агай тарабынан негизделген. Учурда өлкөнүн көп аймактарына жайылып онлайн түрдө катышууну каалагандар арбын.
Россия мамлекетинде иштеп жүргөн мигрант Нургүл Каратаева 2 баланын апасы. Балдарынан алыста болгонуна байланыштуу аларга кантип мээрим төгүп, тарбия берүү жагы ойлондуруп келген. “Энелер мектеби” туурасында угуп сабактарына катышып калганы жогорудагы суроолорунун чечилишине көмөкчү болгонун айтат:
“Гапыр Мадаминов демилгелеген “Энелер мектебинин” онлайн сабактарына катышып калдым. Ал жерден бала тарбиялоодогу эненин орду, дагы көптөгөн пайдалуу маалыматтарды деги эле жан дүйнөмдү байыта алдым. Агайдын «Балдарды тарбиялайм деп убара болбо, баары бир сага окшош болот. Өзүңдү тарбияла»деген сөзү таасирлентти. Онлайн сабактарды кызыгуу менен окуп, берилген тапшырмаларды убагында аткарып, аны жашоодо пайдаланууга аракет кылып жаттым.”
“Мен азыркы күндө өзүмдүн балдарыма берип жаткан 3 казанга бөлгөн пайыздарым. Эмне үчүн мен 100%ды 3 казанга бөлдүм? Өзүмө жыйынтык чыгарам. Демек менин балдарымдын курсагы ток болуусу үчүн аш казанына 85% бөлдүм. Ал эми акыл казаныга 15% бөлдүм. Себеби, менин балдарым азыркы күнгө чейин аң сезимдүү, боорукер, мээримдүү кылып тарбиялай алыпмын. Дагы бир рух казанына болсо мен 5% бөлдүм. Себеби мигрант ата-энелер алыстабыз. Балдарыбызга мээримибизди бере албайбыз, балдарыбыздын кубанычын тең бөлүшө албайбыз, ички сезимдерин биле албайбыз, сырдаша албайбыз ошондуктан балабыздын рух казанында эч нерсе жок. Сагыныч, мээрим, кусалык ушул рух казанында калып кетүүдө. Мен да кудай буюруп иштеп, кайра барып калсам балдарымдын аш казанындагы пайыздарды азайтып, рух казанына жана акыл казанына теңдештирип үч казанды тең толтуруу керектигин билдим”, -дейт Нургүл Каратаева.
Бул идея кантип пайда болгон?
№3 экспременталдык гимназиянын директору, ата-энелерге арналган бир катар китептердин автору, тарых мугалими Гапыр Мадаминов аталган гимназияны негиздеп окуучуларга сабак берип жатып аларга мектептеги билим жетишсиз болорун түшүнгөн:
“Биз мектептен канчалык билим бербейли ал бала үйүнө барганда “окуп эмне кылат элең?, ким болосуң? Андан көрө малды карабайсыңбы”-деген сыяктуу мамилеге туш болушат экен. Мындан улам мугалим, ата-эне жана окуучу биргеликте бир багытты көздөй умтулганда гана натыйжа болот деп. Атайын жазылган «Ата-энелер сиздер үчүн»- китебинин негизинде айылдагы энелер үчүн сабактар өтүлүп баштаган. Ал жерде жаш курак өзгөчөлүгүнө жараша тарбиялоо, сабак окуучу бөлмө даярдоо, үй-бүлөлүк китепкана түзүү, канткенде ата-энелер балдардын билим алуусуна жардам бере алат деген сыяктуу темаларда окушкан. Ай сайын сабактарга катышып жылдын аягында балдары сыяктуу эле экзамен тапшырышкан. Сынактан ата-энелер өтпөй калса баласы гимназияда окуй албай калган.”
Агай окуучу үй-бүлөнүн күзгүсү экенин белгилейт. Баланы мектепте өзүн алып жүргөнүн, тазалыгы сабактан жооп бергенин карап туруп анын энесин тааный бересиң:
“Балдардын мектепте жетишпей сабакты жакшы өздөштүрө албай “2”-деген баа алуусу, ал үй-бүлөнүн 2 алышы. Андыктан үй-бүлөнүн, ата-эненин жоопкерчилиги чоң.”
Болочоктогу ата энелер онлайн курсунун куратору, англис тил мугалими Гүлсара Мадаминова учурда агайдын иштеп чыккан программасы 7облуска жайылып жатат. Окуунун жыйынтыктары абдан жакшы аны бүтүрүүчүлөр тастыктап келишет дейт:
“Гапыр Мадаминов агайыбыз билим сапатын, тарбия сапатын жогорулатуунун моделин тапкандай. Анткени мугалимдер үчүн “Устаттык өнөр”-китебин жазып, ал жерде шыктандырып сабак өтүү, активдүү практикалык сабак өтүү, балдарды билим алууга кызыктыруу деген өзүнүн практикасынын негизинде жазылган кеңештерин берет. Ошентип бир жагынан мугалимдерди дагы окутуп, энелерге дагы сабак берип 3 багытта системалуу иш алып барып жаткандыктан гимназиянын жараткан ийгиликтери бүткүл республиканын мугалимдерин, окуучуларын жана ата-энелерин таңкалтырып жатат.”
Бул материалдарды дагы окуп көрүңүз:
Сиз балаңызды тилдейсизби? Орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети
Балаңыздын ачуулуу жүрүм- туруму эмнеден кабар берет?
Кантип баланы өзүнө ишенимдүү кылып тарбияласа болот?
Ата-энелерге кеңеш: Баланы мектепке даярдоо
Айгерим Кубатбекова