Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 27-сентябрда болуп өткөн ата-энелер чогулушунда окуучуларды сабак учурунда уюлдук телефонго алагды болуусунан арылтуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, ата-энелердин макулдугу менен окуучуларга сабак учурунда уюлдук телефон колдонуусуна тыюу салынды. Окуучулардын чөнтөк телефондорун колдонууда бири-бирин мазактоо, сөгүнүү сөздөрү, терс тарбия берүүчү сүрөттөрдү көрүүлөрү менен бирге сабакка көңүл буруулары начарлап жаткандыктары эске алынып, мектепке келген учурда чөнтөк телефондоруна алагды болуу менен мугалимдерге жана окуучуларга тоскоолдуктарды жаратып жаткандыктары эске алынды. Бул иш тууралуу Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору Үрүстөм Күсөрманбетов мындай деди:
«Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде уюлдук телефонду мектепке алып келбөө боюнча өзүбүздүн ички буйругубузду чыгарганбыз. Себеби телефонду жакшы жактарга эмес, ар кандай жаман жактарга колдонуп жаткандыктарын билдик. Биз ички иштердин бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекторлору менен биргеликте телефондорго анализ жүргүзүп көргөндө ар кандай сөгүнгөн сөздөрдү, уят сүрөттөр бар экенин аныктадык. Ошонун негизинде биз уюлдук телефонду мектепке алып келбөө буйругун чыгарганбыз. Андан сырткары, сабак учурунда мугалимдерге жана окуучуларга тоскоолдук кылып, телефондорду колдонуп жатышат. Биздин мектептин алдын алуу кеңеши бар. Ошолор менен биргеликте өткөн жумада алдын- алуу кеңешинин чогулушун өттүк. Ар бир жумада бирден рейд кылып турууну чечтик. Буйруктун негизинде , биринчи ирээт кармап, эскертүү ирээтинде беребиз . Экинчи ирээтте кармасак аны мектептин балансына кириштөө деп буйрук чыгардык. Рейд ушул жумада жүргүзөлү дегенбиз, бирок ички иштер бөлүмүндө жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор бошобой жаткандыгына байланыштуу , кийинки жумадан баштап рейд жүргүзөбүз».
Окуучулардын телефондоруна жумасына эки жолудан мектеп администрациясы, ата-энелер комитети, жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор менен биргеликте рейд жүргүзүлүп турмакчы. Алынган уюлдук чөнтөк телефондорун биринчи иретте эскертүү менен берилип, экинчи иретте мектептин фондуна кириштелери эскертилди. Бул буйрукту ата-энелерге жана окуучуларга тааныштыруу жагы 5-11-класстын класс жетекчилерине милдеттендирилди жана аткаруу жагы класстык жана класстан тышкаркы иштеринин уюштуруучусу Кубатбековага, жалпы класс жетекчилерге милдеттендирилди. Тыюу салуу менен бирге окуучуларды уюлдук телефондон арылтуу максатында жүрүп жаткан иштер тууралуу мектептин тарбия завучу Жыпар Кубатбекова кайрылдык:
«Кылмыштуулукту алдын- алуу боюнча тегерек столдор, ар кандай иш- чаралар, класстык сааттар өтүлүп жатат. Ушуну менен катар эле диний экстремизмди жоюу боюнча дагы чогулуштар, диспут, дебаттар өтүлүп жатат.»
Даярдаган: Муктарова Аймырза