Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Коёнкөзов атындагы мектептебинде англис тил жумалыгы болуп өттү. Бул жумалыкта мектеп окуучулары ачык сааттарды өтүп, ар кандай сценкаларды коюшту.
Англис тил мугалими Айзада Рыспаева:

“Биз жылыга ушул жумалыкта конкурстарды жарыялап, ачык сааттарды өтөбүз. Ачык сааттарда ар кандай сценкалар коюп, кызыктуу өтөбүз. Бул жумалыктын негизиги максаты — окуучуларды англис тилине кызыктыруу. Эң кубанычтуусу окуучулар англис тилине жылдан жылга кызыгып, жумалыкка активдүү катышып жатышат”, — деп билдирди Рыспаева.
6-класста окуган Шайыков Ахмет «Бул жумалыкта классыбыз менен оюн аркылуу англис тилине кызыгуубузду билдирдик. Бул сабак абдан кызыктуу болду” деди.
Даярдагандар: Рүстөмова Бермет, Нурланов Канат
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн