Токтоян айылынын мектебинде окуучулардын өзүн-өзү башкаруу айлыгы жүрүп жатат. Бул айлыкта класстар боюнча эң таза класс, эң тартиптүү класс, эң активтүү класс болуп сынактар жүрүүдө.
Мектептин парламенти өз иши менен алектенип жаткан кез.
Мектеп парламентинин мүчөсү Нуриса Максат кызы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кененирээк айтып берди.
— Биздин мектептин парламенти айлык жүрүп жаткандыгына байланыштуу мурда жумасына бир жолудан рейд жүргүлүсө, учурда жумасына эки жолудан текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул текшерүүлөрдө класстын тазалыгы, окуучулардын сабакка катышуусу, формасы жана китеп, күндөлүктөрдүн колдонулушу каралат.
Учурда 9-класста окуп жаткан Альбина Марсел кызы бул айлык боюнча өз оюн төмөндөгүчө билдирди.
— Окуучулардын өзүн-өзү башкаруу айлыгы учурда мектепте жүрүп жатат. Бул айлыкта бизге мектептин парламенттери жумасына текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Жана ал текшерүүлөрдүн жыйынтыгы ар бир дүйшөмбүдө айтылып жатат.
Даярдаган: Урсеитова Аида
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн