Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде Ковид-19 илдетине карата окуучуларга бардык санитардык-гигиеналык эрежелерин сактоого калыптандыруучуу атайын тарбиялык сааттар өтүлүп, залдарга эстеткичтер илинген.
Мектепке келген окуучуларда пандемияга катара төмөнкү эрежелер кабыл алынган:
* Мектепке келген ар бир окуучуда экиден маска, колду жугушсуздандыруучу каражат, нымдуу кол аарчы милдеттүү түрдө болуусу шарт.
* Окуучулар сабактар ортосунда класстарды ачып, желдетип, нымдуу тазалоо жүргүзүп турушат.
* Мектепке биринчи саатта келген окуучулардын дене табы өлчөнүп, эгерде дене табы жогору болсо кайра үйлөрүнө жиберилет.
* Сасык тумоо, жөтөл же ж.б. ооорулар окуучуларда байкалса, ата-энелер менен байланышып, ооруканага жиберилет.
* Ооруп келбей калган окуучуларга онлайн тапшырмалар берилип турат.
«Мен 2-б классын жетектеп келем. Окуучулар коронавирус оорусу менен таанышышкан. Оорунун алдын алуу эрежелерин да так билишет, аларды сактаганга аракет кылышат. Эртең менен сабакка келгенде ар окуучунун дене табы текшерип, окуучулардын ден соолугуна байкоо жүргүзөм. Эгерде дене табы жогору экени байкалса, дароо ата-эне менен байланышып, ФАПка жиберем. Ал жерде дарыгердин көзөмөлүндө болушат.
Тамактануу учурунда ар бир окуучу колун самын менен жууп, жугушсуздандыруучу каражаттарды колдонуп, ашканага киришет.
Азыркы учурда балдардын ден соолугу канааттандырарлык. Окуучулар арасында сасык тумоого чалдыккандар бар. Алар дарыгерге көрүнүп, үй режиминде дарыланып, айыккандан кийин сабакка келишүүдө», — Гүлсайра Өмүркулова.
«Азыркы кырдаалда сасык тумоо аябай жүрүп жатат. Окуучулар сабакка келгенде дене табы өлчөнүп турат. Классымда ооруп калган балдарды дароо ата-эне менен байланышып, дарыгерге жиберем.
Күнүгө классты тыныгуу учурунда хлор менен парталарды, эшиктин туткаларын тазалап, классты таза аба менен желдетип турабыз.
Азыркы учурда класста сасык тумоо менен ооруган балдар бар. Алар азыр үй шартында дарыланып жатышат. Аларга өзүнчө онлайн тапшырмалар берилип жатат»,- Чолпон Ашымова.
Мектепте пандемиянын шарттарына ылайык кандай иштер аткарылып жаткандыгы тууралуу Гүлү Касымалиева төмөнкүлөрдү билдирди.
«Пандемиянын алдын алуу боюнча педагогикалык жамаат төмөнкү эрежелерди сактап жатабыз. Парталарды, эшиктин туткаларын, стулдарды, гаджеттерди ж.б. дезинфекциялап турабыз. Жумасына бир жолу мектепти толугу менен дезинфекция иштери жүргүзүлөт.
Балдарды колдорун тез-тез самын менен жууганга үйрөтүү, өзгөчө ажаатканага барып келгенден кийинки убакта самын менен да жууп, жугушсуздандыруучу каражаттарды кошумча пайдалануу.
Сергек жашоо образы боюнча класс жетекчилер менен биргеликте туура тамактануу, толук кандуу уктап, эс алуу, эртең менен физикалык көнүгүүлөрдү жасоо боюнча тарбиялык сааттар өтүлүүдө. Жогоруда айтылгандарды белгилөө менен окуучуларда бул эрежелерди калыптандыруу максатында, күнүгө аткарып туруу талаптары коюлган.
Класс жетекчилердин окуучуларынын ата-энеси менен тыгыз байланышта болуусу да талап катары коюлган. Үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу да маалыматта болуусу шарт. Себеби, үй-бүлөсүндө бирөө ооруп калса, окуучуга да байкоо жүргүзүү сунушталат.
Акылай Алмазбекова