2013-жылдын апрель айында ӨКМ тарабынан Ашырбай Коёнкөзов атындагы мектеби авариялык абалда деп табылган. Айыл өкмөтү жаңы мектеп имараты 2014-жылы курулушу мүмкүндүгүн айтты.

Мектептин директору Калык Албанов жыл сайын ремонт жасалып, кээ бир жерлер алмаштырылып тураарын кабарлады.
«Мектеп 1958-жылы курулгандыктан эскилиги жетти. Полдордун чириген жерлери бар», — деди директор.

Кайыков жаңы имаратты тургузуу үчүн 25 миллион сомдон ашуун каражат кетээрин айтты.
«2014—жылы билим берүү министирлиги аркылуу пландаштырылган», — деди айыл өкмөтү.

Бирок так маалымат жылдын аягында белгилүү болоорун кошумчалады.
«Быйыл чоң спорткомплекс Тогузбайда курулуп башталды […]. Эч качан жаңы стройка, бир аймакта эки курулуш башталбайт», — деди Кайыков.

9-класстын окуучусу Гулжан Нуркасым кызы дубалдарда жарака кетип, полдор чиригендигин айтты.
«Бизге жаңы мектеп куруп берсе жакшы болмок эле», — деди окучуу кыз.

Кыргыз тили мугалими Алымбек Байгашкаев мектептин имараты оор абалда болгондугун баса белгиледи.
«Бурчтар жарака, сабак учурунда кооптонуу сезими пайда болуп турат», — деди кыргыз тили мугалими.

Орус тили мугалими Алмагүл Отжанова кесиптешинин пикирин колдоп, жаңы мектеп керектигин айтты.
«Аябай эски мектеп. Апрель айында жер титирөө болгондо жараңкалар кетти, ӨКМ—дан келген», — деди Отжанова.

Авторлор: Адина Осмонова, Алишер Кудайбергенов.