Класстардагы лабораториялык жабдуулардын жоктугунан практикалык сабактар толук аткарылбайт. Мектеп директору тиешелүү препараттар Орусияда өндүрүлгөндүктөн, азыркы күндө келбей калгандыгын айтты.
Мектеп директору жана химия мугалими Калык Албанов химиялык препараттар жетишпегендигинен лабораториялык класстар иштебей калгандыгын маалымдады.
«Анткени, бул препараттар биздин өлкө Кыргызстанда өндүрүлбөйт. Бул, Орусиядан келүүчү, мурдатан эле. Азыртадан келбей калды, ошон үчүн препарат жетишпейт. Практикалык иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк жок», — деди Албанов.
Биология сабагынын мугалими Акбар Асанакунов куралдар жок болгондуктан китептер менен гана чектелгендигин айтты.
«Окуучулар кызыгып сурашат […] эң жөнөкөй эле микроскопту сурашат, айла жок көргөзө албайбыз», — деди Асанакунов.
Физика мугалими Алиман Шаршалиева физика сабагын оозеки түшүндүрүүгө мүмкүн эместигин айтты.
«Союздан калган приборлор бар, алар толук эмес. Приборлорду кураштырып отуруп, фронталдык кылып бирден, экиден гана өткөнгө мүмкүнчүлүк бар. 7-11-класска лабораториялык иштерди толук өтүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок», — деди Шаршалиева.
11-класстын окуучусу Насият Таштанбекованын айтымында, лабораториялык класстын жоктугу билимди терең түшүнүүгө тоскоол болот.
«Түшүнүү оор эле болот. Эгер практикалык жүзүндө аткарсак […] жакшы түшүнмөкбүз деп ойлойм», — дейт Таштанбекова.
9-класстын окуучусу Жеңиш Асаналиев китептен сүрөттөр аркылуу гана окуп үйрөнүшкөндүгүн айтты.
«Эжейлерибиз жакшы болгондуктан, ошондуктан биз китептен эле окуп, түшүнүп жатабыз», — деди Асаналиев.
Авторлор: Муратбек Жумакадыров, Жеңиш Таштанбеков.