Жолдун начардыгынан айдоочулар автоунааны ремонтто жана
жаңы тетиктерди алууга көп каражат кеткендигин айтып нааразы болуушууда. Ал эми ЖЭИнин жетекчиси ремонт иштери башталгандыгын кабарлап, бирок качан бүтөөрү белгисиздигин кошумчалады.
Айдоочуларды тапкан акчасы машинанын тетиктерине кетип жаткандыгын айтып нааразы болушту.
«Жолдун абалы аябай начар. Машинаны талкалап жатат. Тапкан акчанын баары запчастька кетет», — деди айдоочу Болот Абдылдаев.
«Жолубуз абдан начар. Киреше жок жалаң чыгаша.Тапкан акча бүт ремонтко кетет. Үй-бүлөөнү бакканга машинанын доходу жетпейт», — деп айтты дагы бир айдоочу Нурлан Маматкулов.
«Даң—дүң этип эптеп жетебиз», — деп айдоочу Улан Сарыбаев да жолдун начардыгын баса белгиледи.
Жолду эксплуатациялоо ишканасынын (ЖЭИ) жетекчиси Кадырбек Тургунбаев быйыл 3 км гана жол жасалгандыгын айтты.
«Жолду оңдоо бюджеттен канча акча бөлүнгөнүнө жараша жасалат», — деди Тургунбаев.
Авторлор: Гүлжан Нуркасым кызы, Сыймык Максат уулу, Эмирбек Айбек уулу.