Эл Аралык Республикалык институт, Борбордук Шайлоо Комисиясы жана USAID колдоосунун астында «Менин тандоом» долбоору түндүк региондору боюнча өз ишин Талас жергесинен баштады.
Долбоордун максаты: Алдыда 2015-жылдын 4-октябрында өтүлүүчү парламенттик шайлоо процесстери боюнча маалымат берүү.Долбоордун катышуучулары активдуу жаш студенттерден түзүлгөн.
14-15-16-августа Талас областынын Mанас районунун Кызыл жылдыз айылы, Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылы , Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылы , Талас районунун Акжар айылы, Таш-Арык айылы жана Талас шаарынын өзүндө болду.
Долбоордун мындан кийинки сапары Чуй, Ысык-Көл жана Нарын областтарында уланмакчы.
Даярдагандар: Самат Арабеков, Жанылмырза Анарбек кызы.