Андаракта төрт жылдан бери пахта жана койдун жүнүн тытуучу ишкана иштеп келет. Ишкананы ачкан Асан Марипов жана иштөөчү Асатов Мизамидин. Техниканы атайын чет өлкөдөн алган.
Учурда Лейлек районун көпчүлүк тургундары жүн тытуу менен алектенет. Ал эми тургундардын үйүндөгү жууркан, төшөктөр бардыгы пахтанан жасалгандыктан эскиргенде ушул жерге келип тытырат.
Бул ишкананын пайдасы элге көбүрөөк экенин Марипов Асан билдирди:
“Мен бул цехти ачканыма жакында төрт жыл болот. Ишканада Мизамидин иштеп жатат. Бул жерге атайын Лейлек районун ар кайсы айылдарынан келип жумушун бүтүрүп кетет,”- деп билдирди Марипов.
Бул цех Андарак айылынын достук көчөсүндө жайгашкан.
Күнүнө орто эсеп менен беш жүз килограммга жакын пахта, жүн тытылат. Бир килограмм пахтанын баасы он эки сом экенин цехтин директору билдирди.
“Бул ишкана Лейлекте саналуу гана болгондуктан көпчүлүгү ушул жерге келет. Техниканы башка жактан алып келгем. Пахтаны бир килограммы он эки сом, жүн жыйырма беш сом. Жүндү тытуу бир аз кыйынчылык болгондуктан пахтанан жогору,”- деп кошумчалады Асан Марипов.
Эки техника айына миң сомго жетпеген электр энергиясын сарптайт. Иштелиши туралуу Асатов Мизамидин билдирди:
“Бул аппараттарды иштетүү жеңил. Эки баскычты басса иштей берет. Биринчи бул баскыч токту берет, экинчиси өзүм жакка жылдырсам пахтаны тытууну баштайт. Ал жактан чыккан пахтаны мына минтип түрмөк кылабыз,”- деди Асатов.
Пахта тытуучу аппарат бир минутада бир килограмм пахта тытарын билдирди Мизамидин Асатов.
“Техника өтө тез иштейт. Бир-эки минутада бир килограмм пахтаны тытып койом. Жүн бир аз кыйын болгондон аны үч-төр минута кетет,”- деп кошумчалады Мизамидин.
Пахта тытып жаткан тажик улутундагы Бобожан буларды билдирди:
“Бул өтө жакшы аппарат экен. Мен азыр жыйырма килограмм пахта алып келдим эле. Жарым саатта чыгарып берди,”- деди Бобожан.
Даярдаган: Камбарбек Асан уулу