Бүгүн Талас шаарындагы жааматтык радио «Радиомосттун» толкунунда «Жергиликтүү тургундардын Кыргызстан жана Казакстан чек арасына болгон мамилеси» темасындагы түз эфир болуп өттү.
Радио берүүнүн максаты, чыр-чатактардын булактары менен факторлорун азайтуу жана бекем тынчтык менен туруктуулуктун орун алуусуна жардам берүү.
Эфирдин коноктору:
Калмухаммедова Динара Акыновна. Покровка орто мектебинин мугалими.
Токтосунов Сапарбек Орозбаевич. Талас облусу боюнча чек ара кызматынын штаб башчысы, Полковник.
Урматтуу айымдар жана мырзалар, бүгүнкү күндө бүтүндөй Борбордук Азия аймагында, анын ичинде, Кыргызстанда да, коопсуздукту камсыз кылуу маселеси эң негизги жана эң актуалдуулардын бири болуп саналат. Учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы кырдаал жалпысынан туруктуу деп мүнөздөлөт.
Бүгүн Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирген негизги жагдайлардын бири болуп, чек аралык жаңжалдар маселеси эсептелинет. Борбордук Азиядагы тескелбеген чек аралык талаштар бардык мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч келтирген олуттуу көйгөй экенин белгилей кетүү керек. Бул талаштар чечилбеген чек аралык көйгөйлөрү бар аймактын республикаларынын көпчүлүгүнө тийиштүү.
Бир сааттык түз эфирибизде төмөндөгү суроолор берилди.
Жергебизде тынчтык, коопсуздук жана стабилдүүлүк болмоюн облус өнүкпөйт, ошондуктан, “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” чек ара айылдарында улуттар аралык жаң жалдардын алдын алуу, коопсуздукту чыңдоо учун кандай иштер жүргүзүлүүдө?
Чек арадагы тынчтыкты, стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн кантип түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек?
Чек арага жакын жашаган жергиликтүү тургандардын жашоо тиричилиги башкалардан өзгөчөлүктөрү барбы?болсо кандай?
Кыргыз-Казак элдеринин 1847-жылдагы достошуу келишими бар эле ошондон соң мамиле кандай азыркы тапта?
Чек ара маселеси мамлекеттик деңгээлдеги чоң маселе болуп калды. Чыр-чатактардан каза тапкандар дагы катталууда, бул маселе мамлекет жетекчилердин деңгээлинде чечилиши керекпи?…
Азыркы тапта ал жактагы кырдаал, тагырак айтканда жергиликтүү тургундардын ынтымагы, Казакстан чек арасындагы кызматкерлеринин орой мамилесин айтып, жан жалдарды ынтымакта чечүүлөрүн айтып беришти.
Бир саат алкагында кызыктуу маек болду, угармандар байланышка чыгып суроолоруна жооп алышты.
Алып баруучу: Рахат Камчыбекова
Даярдаган: Самат Арабеков