Мектептерде IV чейректи дистанттык негизде окутууга Билим берүү жана илим министрлиги даяданып жаткандыгын билдирди. Ал үчүн атайын видеосабактар кыргыз жана орус тилинде тартылып, теле каналдар жана интернет порталдарга жүктөлөт. Мындан тышкары, министрлик тарабынан билим берүү порталы түзүлгөнүн басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле үй тапшырмаларын берүү жана текшерүү үчүн бир катар каражаттар сунушталды. Дистанттык окуу булактары катары төмөндөгүлөр айтылды.