Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде ишембилик өткөрүлдү. Кесиптик лицейдин жалпы жамааты жана окуучулары окуу жайдын айланасынан жана арык жээктеринен таштандыларды тазалап, бак көчөттөрүн отургузуп, гүлдөрдү эгишти.
«Ар жылы жок эле дегенде айланада бирден экиден бак куурап калат. Ошондуктан куураган дарактардын ордун жаңы көчөттөр ээлеши керек. Силер жашаган айлана дайыма таза, көрктүү, жашылданып, кооз гүлдөр көрк берип туруу керек. Табиятка таза, аяр мамиле кылуу биздин нравалык баалуулуктарыбыздын мыйзамдуу өзөгү.
Анткени, биз ата-бабаларыбыздан кооз табиятты мурас катары алганбыз жана аны келечек муундарга сактап өткөрүп беришибиз керек. Бул ишембиликтин мааниси силер үчүн абдан натыйжалуу. Мисалы азыр жөн эле айлана тазаланып, бактар тигилди эмес. Бүгүнкү эмгегиңердин идеологиялык үгүт мааниси аябагандай зор. Силерди көргөн кийинки жаш муундар дагы силерден үлгү, тарбия алышат”,- деди №43 кесиптик лицейдин мугалими Асыл Базарова.
Ишембилик №43 Кесиптик лицейдин демилгеси менен өткөрүлдү. Мындай ишембилик бул окуу жайда ар жылы өткөрүлүп келет.
Турсун Омуралиева