Учурда мугалимдерге жана техникалык кызматкерлерге коронавируска каршы эмдөөнүн 3-дозасы сайыла баштады. Эмдөөдөн өтөөрдө ар бир адам атайын медициналык кароодон өтүп, ден соолугуна карап эмдөөлөр жүргүзүлдү. Айрым мугалимдерде сасык тумоо байкалып, кан басымы жогору болгондуктан эмдөөдөн өтүшкөн жок. Ал эми ден соолугунда өзгөрүү байкалбаган мугалимдерге жана техникалык кызматкерлерге «Файзер» вакцинасы сайылды.
Алгач мугалимдерге жана техникалык кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Медициналык кароодон өтүү учуру
Эмдөөдөн өтөөрдө ар бир адамдын кан басымы текшерилди
Адамдарда кан басым менен бирге каныктыруу (сатурация) да текшерилгенден кийин гана эмдөө жүргүзүлдү
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин жалпы жамаатынын 30 % эмдөөдөн өтүштү.
Наиля Жанарбек кызы