Нарын шаарында «Устат — шакирт» борборунун «Умтул театр» тармагынын 4 күндүк жазгы лагери болуп өттү. Ага Жумгал, Ат — Башы, Нарын райондорунун мектептеринен окуучулар жана жетекчи мугалими катышышты.
Бул лагердин уюштуруу максаты окуучуларды эң биринчиден маданияттуулукка тарбиялоо, сахналык кыймыл, сахна кеби, читка, мизан сцена, ж.б тууралуу ийрим жетекчилерин жана окуучуларды окутуу саналат.

Жалпы катышуучулар

Окуучулар синхрондук кыймылга көнүгүү учуру

«Үч көпөлөк» жомогунан
«Лагердин катышуучулары «Аксаткын менен Кулмырза» спектаклинен массовкага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 4 күндүк лагерде окуучулар үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, шыктанууга өбөлгө болду. Бул кыска аралыктын ичинде окуучулар «Үч көпөлөк» аттуу немис эл жомогун аткарып берүүгө жетишишти. Мындай лагерлер көп-көп уюшулуп турса окуучуларга да абдан пайдалуу болот»,-дейт Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин «Жаш таланттар» ийриминин жетекчиси Аида Эгембердиева.
Эркеайым Замирбек кызы