Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде АРИСтин “Суу.Санитардык гигиена” боюнча долбоору ишке ашууда. Ичүүчү коопсуз суу менен камсыз кылуу аркылуу балдардын ден- соолугуна камкордук кылуу максатындагы бул долбоордун негизинде мугалимдерге окутуу өткөрүлдү.
Окутууда интерактивдүу ыкмалар колдонулуп, мугалимдер кол жуу эрежелери, даараткананын мааниси, таза суу жана аны сактоо, мите курттар жана алардан жугуучу жугуштуу оорулар тууралуу маалымат алышты. Үйрөнгөндөрүн окуучуларга, ата-энелерге жайылтышат жана класстан тышкаркы иш-чаралар өтүлөт.
Даярдаган: Б. Мамытбекова