Нарын облусундагы «Акмөөрдүн сиңдилери” элдик тобунун уюшулгандыгынын 15 жылдыгы Нарын облустук драма театрында белгиленди. Чоң программадан турган концерттин биринчи бөлүгүндө кыргыз элинин тарыхында, өнүгүшүндө өз орду бар Каныкей, Курманжан датка, Жаныл мырза, Толгонай өңдүү аялзатынын образдары тартууланды.
Ал эми концерттин экинчи бөлүгү жандуу үндөгү ырлар, интермедиялар менен коштолду.
Алды 80 жашка таяган байбичелер түрк, өзбек, орус,татар, казак тилинде ырдашып, кыргыз бийин бийлешти.
Мааракеге катышып отурган өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Кайыпов элдик топко кичине автоунаа алып берүүгө сөз берди. Ошондой эле бардык байбичелерге Нарын облусунун, Ак-Талаа районунун “Ардактуу атуулу” наамдары, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилери тапшырылды.
Даярдаган: Б. Мамытбекова