Технология заманында окуучунун сабакка көңүлүн бурдуруу татаал процесске айланып келет. Айрым мугалимдер окуучулардын смартфондорун сабак башында чогултуп алса, айрымдары смартфондун жардамы менен сабак өтүү ыкмасын колдонот. Алдыда сабакты кызыктуу өтүү үчүн сервистердин топтомун сунуштайбыз.

Иллюстрация

Kahoot сервиси
Сервистин өзгөчөлүгү: бир канча катышуучунун алдыңкыларын аныктоого болот.
Бул сервистин жардамы менен окуучулар арасында интерактивдүү викториналарды өткөрүүгө болот. Адатта, оозеки сурамжылоо жүргүзгөндө, бир нече окуучунун гана жообун уга алат. Kahoot менен мугалимдер бир эле учурда бардык окуучуларды сурамжылоодон өткөрүп, алардын күчтүү жана алсыз жактарын дароо биле алышат. Сервисти колдонуу үчүн алгач катталып, тесттин суроолорун, туура жана туура эмес жоопторун киргизет. Тест даяр болгондо сандык кодду викторинанын катышуучуларына жөнөтөт. Жыйынтыгында, окуучулардын билим деңгээлин оюн түрүндөгү статистикада көрүүгө болот.

Quizizz сервиси
Сервистин өзгөчөлүгү: окуучулар бири-биринин жоопторун көрө алышпайт.
Бул сервис аркылуу дагы окуучуларга кызыктуу тесттер, сурамжылоолорду сунуштоого болот. Kahoot сервисинен айырмаланып, ар бир окуучу өзү аткарган нерсенин гана жыйынтыгын көрө алат. Ал эми жалпы статистиканы мугалим гана көрөт. Ошондуктан, кайсы бир себептерден улам сиз окуучулар арасындагы атаандаштык жаратпоону кааласаңыз, бул сервисти колдонууга болот. Алынган маалыматтарды Excel форматында жүктөөгө мүмкүнчүлүк бар.

Triventy сервиси
Сервистин өзгөчөлүгү: окуучулар суроолорду өздөрү түзөт.
Сабак учурунда мугалим ар бир окуучуну(же тайпаны) өтүлүп жаткан тема боюнча суроо түздүрүп, сервиске киргиздирет. Сабактын аягында класстын бардык катышуучулары өздөрү ойлоп тапкан бардык суроолорго жооп берет. Кайсы бир окуучу үчүн суроого жооп берүү кыйын болсо сервистен жардам ала алат. Мисалы: “эки туура эмес жоопту алып салыңыз” же “классташтарыңыздын көпчүлүгү кандай жооп бергенин көрүңүз” деген өңдүү багыттар берилет.

LearningApps сервиси
Сервистин өзгөчөлүгү: мугалим окуучунун тапшырманы кандай аткарганын көрбөйт, көнүгүүлөр өзүн-өзү текшерүүгө гана арналган.
LearningApps программасынын жардамы менен сиз окуучулардын өзүн-өзү текшерүү үчүн көнүгүүлөрдү түзө аласыз. Сервис классикалык сурамжылоолорду гана эмес, башка көптөгөн пайдалуу куралдарды да камтыйт: текстеги боштуктарды толтуруу, кроссвордду чечүү, хронологиялык чынжыр куруу, картадан орун табуу жана баш катырмаларды чогултуу.
LearningApps ичинде видео курс дагы түзүүгө болот. Бул үчүн сиз видеону (мисалы, YouTube’дан) кошуп, аны тапшырмалар жана суроолор менен толуктаңыз. Окуучу видеонун бир бөлүгүн көргөн соң, сервис автоматтык түрдө суроолорду чыгарып, тапшырмаларды аткарууну сунуштайт.
Касиет Кубанычбек кызы
Тест: Сиз канчалык санарип мугалимсиз?
Пландуу жашоо үчүн топ 5 тиркеме
Билим берүү жана илим министрилиги аркылуу гранттык негизде билим алуу