Нарын районуна караштуу Куланак мультимедиа борборунда көптөн бери мугалим жана ыктыярчы болуп иштеп келе жаткан Айзат Түмөнбаева сынакка катышып смартфон утуп алган.
Айзат Түмөнбаева буга чейин «Клооп Медиа» уюму тарабынан уюштурулган алты айлык сынакка катышып смартфон утуп алган. Ал кантип жеңишке жетишкендиги жана анын пайдасы кантип тийип жаткандыгы тууралуу буларды айтып берди.

“Мен Куланак жаматтык мультимедиа борборунда 2013-жылдан бери кабарчы болуп иштеп келе жатам. Буга чейин ыктыярчылар Перизат Кубанычбекованын сынагына катышышкам. Арасында мен да бар элем. Сынак алты айга чейин созулган. Анын талаптары, шарттары бар болчу. Жыйынтык чыгып, жеңүүчү мен болдум. Мурун мындай сынактар болгон эмес, ал жарыялангандан бери мультмедиа борборундагы кабарчыларыбыз аябай активдүү катышып “мен дагы жеңүүчү болсом” деген тилек менен ишмердиктери артып жатат», — деп билдирди Түмөнбаева.
Айзат эженин окуучулардан кем калбай, мындай ийгиликтерге жетишип жаткандыгы кесиптештерин кубантат.
Автор: Уулкан Асанова
Редактор: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн