Кочкор райондук Токой чарбасы 2023-жылдын 1-ноябрынан баштап 2024-жылдын 30-апрелине чейин мыйзамсыз токой кыюунун кесепеттерине жана коркунучтарына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында маалыматтык иш-чараларды жүргүзүүнү баштады.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы өлкөбүздө 2023-жылдын 1-августунан тартып энергетика тармагында өзгөчө кырдаал (ӨК) режими иштеп жаткандыгын билдирет. Күз-кыш-жаз мезгилдеринде өлкө боюнча электр жарыгы өчүрүлүшү мүнкүн. Өлкөнүн калкы альтернативдүү жолдорду издешет, балким бул мыйзамсыз токой кыюу болот.
Кочкор райондук Токой чарбасындагы токойду коргоо жана сактоо инженери Тилек Султанбеков мыйзамсыз токой кыюунун алдын алуу боюнча маалымат берди.
«Кышкысын электр жарыгы өчкөн кезде токойдон отун алууга каршы иш-чараларды уюштуруп, рейддерди жүргүзө баштайбыз. Анткени биздин алгачкы максатыбыз мыйзамсыз токой кыюуга бөгөт коюу жана токойлорду сактап калуу. Ошону менен бирге жергиликттүү калкка туура маалымат жеткирүү».
Ай сайын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) аркылуу коомчулуктун көңүлүн буруу максатында кошумча маалымат берип тураарын айтып кетти.
Нурия Карымбаева