Мыкты макала, сүрөт, мультимедиалык жана аудиоматериал сынагы
Жамааттык жалпыга маалымат берүү каражаттарынын Бирлиги DW Akademie медиа уюмунун колдоосу менен жамааттык ЖМКлардын кабарчыларынын арасында ай сайын мыкты жана кызыктуу макала, сүрөт, аудио жана мультимедиа материал сынагын жарыялайт.
Сынактын максаты: Жамааттык кабарчылардын кесиптик ишмердүүлүгүнүн жогорулашына көмөктөшүү, медиа мазмундун сапатын жакшыртуу жана жаматтык ЖМКларда инновациялык методду илгерилетүү
Сынак 2019-жылдын апрель айында башталып октябрь айында аяктайт.
Сынактын талаптары:
- Мыкты жана кызыктуу макала
- Фото, аудио, тексттин сөзсүз болушу;
- Темага байланыштуу 3 төн кем эмес сүрөт
- Жаңылыктын мазмунун ачып берген текст
- Материалдын аудиоверсиясынын болушу
- Жанылыктын актуалдуулугу;
- Жанылыктын мазмуну/негизги ой ачылганбы/
- Теманын туура тандалышы/социалдык маселелерди, көйгөйлөрдү чагылдыруу;
- «Мыкты макаланын» белеги 500 сом (телефонго бирдик түрүндө берилет).
- Мыкты жана кызыктуу сүрөт
- Теманын актуалдуулугу, кызыктуулугу
- Фото сүрөттөрдүн 5 тен ашык болуусу
- Сүрөттөрдун кыскача баяндамасы болуусу/же сүрөткө тиешелүү адамдын маеги
- Теманы толук ачып бердиби
- Фотоматериалдардын сапаты мыкты болуусу кажет
- Фотоматериалдарда автордук укуктун сакталуусу шарт
- «Мыкты сүрөт» сынагынын белеги 200 сом (телефонго бирдик түрүндө берилет).
- Мыкты жана кызыктуу аудиоматериал
- Теманын актуалдуулугу, кызыктуулугу;
- Ар түрдүүлүк;
- 3 төн ашык адамдын оюу;
- Гендердик тендиктин сакталышы;
- Алып баруучунун дикциясы эске алынат;
- Аудиомонтаждын сапаты мыкты болуусу шарт;
- 3,5 минутадан ашпоосу шарт;
- Теманын мазмуну ачылдыбы;
- «Мыкты аудио материал» сынагынын белеги 400 сом (телефонго бирдик түрүндө берилет).
- Мыкты жана кызыктуу мультимедиалык материал
- Теманын актуалдуулугу, кызыктуулугу;
- Эл аралык журналистиканын стандарттарынын сакталышы;
- Маалыматтык анализинин сапаты жана терендиги;
- Маалыматты берүүнүн оригиналдуулугу;
- Материалды даярдоодо инновациялык ыкманын колдонулушу;
- Жергиликтүү жамаатка материалдын он таасири;
- Онлайн- сервистерди колдоно билүү /тест,инфографика, графикалык редактор, онлайн карталар, интерактивдүү сүрөттөр/;
- «Мыкты мультимедиалык материал» сынагынын белеги 400 сом (телефонго бирдик түрүндө берилет).
Сынакка катышуунун шарты:
- Сынакка Кыргызстандагы жаматтык ЖМКлардын кабарчылары же чыгармачыл топтору катыша алат.
- Бир катышуучу же чыгармачыл топ сынакка бирден ашык материал табыштап катыша алат.
Сынакка материалдарды кабыл алуу:
- Кулактандырууда берилген онлайн- тапшырыкты толтуруу керек
- онлайн тапшырык
- Сынак үчүн материалдын аягында кайсы жанрдагы сынак үчүн экендигин жазып коюу шарт. Мисалы: “Мыкты макала сынагы үчүн”
- Сынакка материалдар ай сайын кабыл алынып, ар бир айдын акыркы жумасында аныкталат.
Сынактын женүүчүлөрүн аныктоо.
Сынактын женүүчүлөрүн Жамааттык ЖМКнын Бирлигинин он-лайн жана аудио редакторлору аныктап, жарыя кылышат.
Жеңүүчүлөр ай сайын аныкталат.
Кошумча суроолор үчүн байланыш:
Назира Джусупова
+996 773 800560
[email protected]
Айзада Калканбекова
+996 773 132770
[email protected]
533