Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын Бирлиги БУУнун Демократиялык Фонду тарабынан колдоого алынган «Гендердик теңчиликти жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу» долбоорунун алкагында Ош шаарында 19-20- октябрда Ош облусунун журналисттери үчүн, 21-22- октябрда Баткен жана Жалал-Абад облусунун журналисттери үчүн «Гендер жана ЖМК» темасында тренинг өткөрөт.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар гендердик- сезимтал темаларды чагылдыруудагы куралдар жана ыкмалар менен таанышып, гендердик темаларды чагылдырууда юридикалык аспектин жана адам укуктарын эске алууну үйрөнүп, кеңештерди жана сунуштарды ала алышат. Ошондой эле жабырлануучу жана бардык тарапка мамиле жасоону, эффективдүү жана мультимедиялык макала даярдоонун усулдарын биле алышат.
Тренингге катышуу бекер, жол кире, жатакана, тамак-аш төлөмдөрү уюштуруучулар тарабынан каржыланат.
Тренингдин жыйынтыгында мыкты журналисттик макалага сынак жарыяланат!!!
Бардык суроолор боюнча 0773800560 номерине кайрылсаңыздар болот!
Трениннге катышууну каалагандар онлайн билдирмени толтуруусу кажет👇👇👇
https://forms.gle/mq5WikEv6mZJ3RcW8