23-сентябрь тил майрамына карата “Манас” орто мектебинде окуучулар арасында “Улуттун улуулугун сактаган Эне-тил” аттуу конкурс болуп өттү. Анда биринчи орунду 5-а класс утуп алды.

23-сентябрь Эне-тил майрамына карата 5-6-7 класстар арасында “Улуттун улуулугун сактаган Эне-тил” аттуу конкурс болуп өттү.

Бул конкурста биринчи орунду 5-а класс алып кетти. Экинчи орунду болсо 7-а класс алды. Үчүнчү орунду 7-б класс алышты.
Бул конкурстун ушютуруучусу мектебибиздин китепканачысы Жалилова Салима менен маек курдук: “Бул конкурстун максаты өз Эне-тилин сүйүп, элин-жерин сүйүүгө жана патриоттуулука үйрөтөт.Бул конкурста баардык окуучулар активдүү катышып, татыктуу орундарды камсыздашты” – деди Жалилова

Бул конкурста манас айтуу, көркөм окуу, жана макал-лакап айтуу, элдик ырлар, эне-тил боюнча декламациялар айтылды. Жана да класстар арасында кызыктуу суроо-жооптор болду.
“Манас айтуу боюнча 7-класстын окуучусу Сыймык аябай берилип айтты, жана көркөм окуу боюнча Алибек кызы Салиха, Жалилова Айзирек баса белгилеп кетким келет деп кошумчалап кетти.-“Жалилова

Даярдаган:Камчыбек кызы Уулман
Сынак үчүн
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу Нурсейит