Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде тил майрамына карата класстар аралык сынак болду. Ага 8-9-10-11-класстары катышышты.

Эне тил майрамына карата окуучулар программа боюнча тил жөнүндө ырларды, макал-лакаптарды, улуу инсандардын монологдорун айтышты.

Бул сынакта биринчи орунду 9-а, экинчи орунду 9-б класстары алып, 3-орунду болсо 8-а классы алды.

Сынакта калыс болгон Гүлзада Алимбаева учурда окуучулар телефон менен эле алек болуп китеп, окуп ыр жаттоону таштап койгонун айтат. Ошол себептен тил майрамына карата сынак уюштурушкан.

«Бул сынакта 9-а классы өзгөчө болуп 1-орунга жетишти. Ал эми 11-а классынан Тайлак Акылбек уулу, 9-б классынан Назима Орозмамат кызы өзгөчөлөнүп турду», — дейт ал.

Ал эми 10-классынын окуучусу Айчүрөк Куватали кызы ушундай иш-чара, сынактар көп болсо, шылтоо менен ырларды, макал-лакап, санаттарды жаттап алабыз дейт.
Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы