Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 10-классынын окуучусу Азиз Таалайбеков кичине кезинен бери айкелчиликке кызыгып, азыркыга чейин ал өнөрүн аркалап келет. Ал ар кандай жаныбарлардын жана адамдардын тулку боюн чопо менен жасайт.
Саламатсызбы? Канча жашыңыздан баштап айкелчилик менен алектенип жатасыз?
— Кичине кезимден баштап эле кызыгуум жаралган, ошондон ушул убакка чейин бул иш менен алектенип жатам.

Кызыгууңуз кайдан жаралды?
— Кичине кезимде эле жасай баштаптырмын. Эң биринчи жасаган айкелим — бул Токтогул Сатылганов болгон. Мен аны класска алып барып койгонумда мугалимдер, окуучулар бул талантымды байкашып, кол эмгек сабагынын мугалими бул өнөрдүн мындан ары өсүшүнө жол ачты десем да болот.
Айкелдерди кандай чопо менен жасайсыз жана аларды кайдан аласыз?
— Аларды күрөң чопо жана ак чопо менен жасайм. Чополорду өзүбүздү айылда булак бар, ошол жактан алам.
Айкелчиликке жаш кезиңизден эле аралашканыңызга кимдир бирөө түрткү болгонбу?
— Жок бул тубаса талант.

Айкелчилик жасоодо кыйынчылыктар барбы?
— Ооба көбүнчө алардын тулку боюн, бетин жасап жатканда оор болот.

Ушул нерсе боюнча кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
— Мен эң биринчи 8-класс кезимде «Жаш-Таланттар» фестивалына барып, экинчи орунду алгам. Андан соң 9-10-класстарда жалаң диплом алып, биринчи орунду алып келе жатам. Буюрса бул өнөрүмдү мындан ары да улантып, өстүргүм келет.

Келечекте ким болууну калайсыз?
— Келечекте айкелчи эле болом.
Мындан башка деле көптөгөн кесиптер бар, эмне үчүн ушул кесипти тандадыңыз?
— Эми ар бир кесип ардактуу дегендей, мен үчүн бул кесибим өтө баалуу. Мен адамдын тулку боюн жасап жатканымда менде кандайдыр бир башкача сезимдер айда болот, аларды сөз менен да жеткире албайм.
Даярдаган: Мирбек кызы Айдана, Алманбет кызы Нуржамал.
Редактору: Жанара Аснкул кызы
Сынак үчүн