
Бакай-Ата районуна караштуу Наматбек айылында мектепке чейинки билим берүүчү бала бакчасы жок. Айыл тургундары бала бакча жоктугуна байланыштуу көп кыйынчылыктар болуп жатканын билдирүүдө.
Наматбек айылында бала бакча жоктугунан улам кандай кыйынчылыктар болуп жатканы тууралуу айыл тургуну Замирбек Айдаралиев мындай деп билдирди.
«Наматбек айылында бала бакча жогу биз үчүн абдан эле кыйын. Эгер бала бакча бар болсо бизге абдан жакшы болмок экен. Көп эле кыйынчылыкты тартып атабыз. Бир унаага он чакты бала салабыз, Бакай-Атага алып барабыз», — деди Айдаралиев.
Кеткен каражатты наматбектиктер өз чөнтөгүнөн каржылашат. Бала-бакчага алар кезектешип алып барышат.
«Жол болсо жаман, аң-дөң, унаалар бузулат. Унаасы жокторго эки эсе кыйын болот», — деп билдирүүдө Айдаралиев.
Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Куштарбек Атантаев мындай деп билдирди.
«Эми биз кичинесинен эмес чоңунан баштасак деп турабыз. Кудай буйруса, алдыда пландар бар типовой деп коёт, чоң мектеп курсакпы деген үмүттөр бар. Мектептин орду бар, ошол жерге 150 орундук мектеп куруп алсак эки смендеп окушат», — деп токтолду Атантаев.
«Азыркы окуп жаткан эки мектеп тең бала-бакчага бошойбу деген үмүттөр бар. Пландарыбыз ишке ашса бала-бакча да, мектеп да курабыз», — деп айтты Куштарбек Атантаев.
«Бала-бакча жок бизде азыр өзүңөр билген үч корпустун бирөөсү бала-бакча болчу, бирөөсү үч жылдык мектеп болчу, андан кийин союз тарагандан соң бала-бакчаны жабууга туура келди» Атантаев.
Балдар биздин келечегибиз, андыктан биз аларга жакшы иштерди жасоого мидеттүүбүз.
Даярдаган: Сүйүтбеков Үсөн
Сынак үчүн