
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы көчөлөрдө таштандылар көбөйүүдө. Тургундар таштандылырдын адамдарга жана жаратылышка зыян келтирип жатканын билдиришүүдө.
Айыл ичи таштандыга толуп бараткандай, аны адамдар өздөрү пайда кылышууда.
Айыл тургуну Айжамал Нурланованын билдирүүсүндө, таштандылардан арылуу үчүн ар бир адам өзүнөн башташ керек, «өзү таза болсо, коом таза болот».
«Мен көчөдө жаткан таштандыларды терс көз караштамын. Албетте таштандылар адамдарга терс таасирин тийгизет. Алардан ар кандай жыттар чыгат оорулар чыгат», — деди Нурланова.
Карасаев айыл өкмөтүндө катчы болуп эмгектенген Гүлмира Ногоеванын айтымында, учурда тургундар өздөрүнөн кичине алыс болсун деп эле көчөлөрдү таштындыларга толтурууда. Ушундай кооз айылыбызды таштандыларга толтурбайлы деген оюн айтып өттү ал.
«Көчөдө жаткан таштандылар адамдарга жана жан-жаныбарларга зыян тийгизип көптөгөн ооруларды алып келип жатат. Эгерде бизде таштанды салган урналар болгондо, коом таза болот эле. Бирок таштанды салган урналар жок болсо деле адамдар өзүлөрү таза болуш керек», — деп билдирди.
Тасма айылынын тургуну Нургүл Абдылдаевадын айтуусунда, адамдар таштандыларга көңүл бурушпайт. Азыр таштандыларды адамдар өзүлөрү жаратып атат.
«Мен көчөдө жаткан таштандыларга туура эмес көз караштамын. Ар бир адам өзүнүн үйүнүн тегерегин, көчөдөгү тартипти кармаш керек. Үйүндөгү таштандыларды көчөгө таштабаш керек. Ар бир үйдүн таштанды төккөн жери болуш керек. Малдар таштандыларды жеп алып, зыян болуп жатат. Бизге дагы таштандылар зыян келтирип абаны бузуп жатат», — деп айты.
Учрда мектепте завхоз болуп иштеген Апан Асанбаевдин айтымында, таштандыларды окуучулар гана эмес чоң кишилер дагы ыргытып, толтуруп жатышат.
«Мен таштандылырды көргөндө жиркенем. Азыр эч ким тазалыкка карабайт. Мен ушул жерде көп жылдан бери иштейм, бирок бир дагы таза балдарды көргөн эмесмин. Мен дайыма ушул жерлерди тазалап, таза кармаганга аракет кылып жатам. Бирок балдар бизди укпайт. Негизинде адамдар таза болгонду билишпейт окшойт. Эгерде билсе, таштандылар жок болуп жаратылыш дагы таза болот эле да», — деп суроо салат ал.
Даярдаган: Гүлзар Курманбек кызы
Сынак үчүн