
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Тасма айылында клуб курулган эмес. Мурда клуб болгон менен ал 1979-жылдагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген да, кийин кайра курулган эмес.
Эгерде клуб болсо айылдагы жаштардын ачылбай жаткан таланттары ачылмак. Андан сырткары айыл тургундарын жакшы жакка үндөгөн тасмалар келип көрсөтүлмөк, дешет тасмалыктар.
Айыл тургуну Бексултан Нарбек уулу клуб элге керектигин баса белгиледи. Клуб болсо, жаштардын бардыгы ырларга бурулуп, бизден өнөрлүлөр да чыкмак деп баяндайт.
“Негизи клуб болсо жакшы болмок. Бизге көп концерт келмек. Азыр клуб жок эле концерттер келбей калып жатат. Мурда клуб болгон, анан бузуп кетшкен да, сатып ийишкен”, — деген пикирде айыл тургуну Нарбек уулу.
Айыл башылардын бири Нурбек Усенов мурда негизинен клуб бар болчу, бирок жер титирөөдөн кийин жарабай калып, кийин салынбай калган дейт.
«Азыр биздин салганга акча каражатыбыз жетпейт. Бирок азыр биз АРИС программасына кирип жатабыз. Эгерде өтүп кетсек, клуб салганга мүмкүнчүлүлүк алабыз», — деп жооп узатты Усенов.
Мектеп окуучусу Айзада Талантбекованын билдирүүсүндө, клубдун айынан кээде окууну токтотууга туура келет. Клуб болсо ар кандай семинарларды клубдан өткөзүшсө сабакка залакасы тийбейт эле.
“Жакында эле болуп өткөн шайлоодо шойлоо учаскасы жок болгондуктан мектептеги окууну токтотууга туура келди. Эгерде клуб ачылса, ар кандай иш-чараларды ошол жерден өткөрүп, конкурстарды дагы ошол жерден өткөргөнгө окуучуларга дагы жакшы болмок жана эч кандай окууга тосколдуктар болмок эмес деп ойлойм”, — дейт мектеп окуучусу.
Айылда клуб жоктугунан улам концертертер келбей калат. Анткени мектептин залы кичинекей болгондуктан, ал жерге окуучулар батпай калышы мүмкүн.
Даярдаган: Айдана Саякова, Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн