Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-2026-жылдарда «Инсандын руханий адеп-ахлактын өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө концепциясынын жана «Улуттук нарк» Жарлыгына ылайык өлкө боюнча өткөрүлгөн кароо сынакка Нарын районунан 1200 окуучу «Манас» эпосун өзгөчө дем менен айтышты.
Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А. Сапаров, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н. Мадимаров, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А. Орозказиева, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г. Исакова, Нарын районунун мектеп жана бала бакча директорлору, мугалимдер катышышты.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров

Бул сынакка Нарын районунун бардык мектептери активдүү катышып, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары Каныкейдин жомогунан үзүндү коюп беришти.


Мындай сынактар окуучулардын патриоттук сезимдерин ойготуп, эли-жерин коргоого, улуттук баалуулуктарды сактоого, улуттук маданиятты даңазалоого тарбиялайт.
Баяна Кадырбекова