Бүгүн Ак-Талаа районунда Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата «Өлбөс полк» жүрүшү менен бирге эскерүү иш чарасы өттү. Анда мектеп окуучулары, жаштар, айыл тургундары согуштун жана тылдын ардагерлеринин сүрөттөрүн көртөрүп, Тайлак баатырдын эстелигинен кан майданда курман болгондорго арналган эстеликке чейин жөө жүрүш жасады. Андан соң эстеликке гүл чамбар коюлуп, согушта курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.
Район акими Ж.Жапаров (ортодо) Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктоодо
Жүрүштүн катышуучулары согуш жана тылдын ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты
Тылдын адагери Жусупказы Ибраимканов
Район акими Жумадилла Жапаров Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктап, Мекен үчүн өз өмүрүн арнап, согушта курман болгон жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбай турганын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, маалыматтарга караганда 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка 2054 адам аттанып, 617 адам каза болгон. Ал эми 166 киши дайынсыз жоголсо, 2171 жоокер кайтып келген.
Учурда район боюнча бардык согуш ардагерлеринин көзү өтүп, тылдын үч гана ардагери аман-эсен жашап жатышат. Бүгүнкү иш-чарага тылдын ардагерлери Жусупказы Ибраимканов жана Карыбек Акуновго жергиликтүү жетекчилик тарабынан белектер тапшырылды. Улуу Жеңиштин урматына арналган иш-чара маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.
Мээрим Тентиева