Орок айыл өкмөтүндө 09.05.2023-жыл Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өтүлдү. Майрамда Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдер жана окуучулар коллективи айыл тургундарына майрамдык маанай тартуулашты. Иш-чаранын ардактуу коноктору айыл аксакалдары, Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл башчылары болду.
Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу учур
Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Адылбеков:
«Бүгүнкү иш-чара алдыга койгон максатына жетти деп ойлойм. Чакырылган конокторубуздун бардыгы ыраазы болуп, өз баталарын беришти. Ооган жана Баткен согушунун ардагерлерине бүгункү иш-чаранын көркүн ачып, аскер формачан келгендиктери окуучуларга патриоттук тарбия ирээтинде жакшы. Атайын чакырылган аскер кызматкерлерине да ыраазычылык. Өзгөчө ырахматымды бала-бакча жана мектеп коллективине айтам. Кичинекей балдардын Манас эпосунан үзүндү айтуулары, Нурия Максатбековна жетектеген бийчилер тобуна, Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдер, окуучулар жамаатына чоң рахмат. Мен үчүн, Афган, Баткен коомунун Ардак грамотасы күтүлбөгөн майрамдык сыйлык болду. Элибизде тынчтык болсун. Майрамыңыздар менен»,-деди.
Дилара Токталиева Орок айылдык кеңешинин депутаты:
«Бүгүнкү майрамды уюштурган Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Кыргызбаевчке, Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын директору Динара Жолдошбековнага, «Жан уя» бала бакчасынын директору Гулнара Сакеновнага, аскер кызматкерлерине, ошондой эле жалпы коллективдерине, мектеп окуучуларына, балдар бакчасынын тарбиялануучуларына да чоң рахматымды билдирем. Орок айыл өкмөтүнүн жашоочуларын бүгүнкү Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Элиме бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Ар дайым асманыбыз ачык болуп, ийгилик коштоп жүрсүн. Кыргызстаныбызда тынчтык, өнүгүү болсун. Анын ичинен биздин Орок айыл өкмөттү да ынтымак ыроолоп, токчулук болушуна тилектешмин»,- деп айтты.
Бекмурзаев Жумаш Каныбекович Афган Баткен коомунун төрагасы:
«Бүгүн биздин Орок айыл өкмөтүндө 9-май Жеңиш күнүнө карата жакшы майрамдык иш-чара болуп өттү. Өзгөчө окуучулардын майрамга даярдангандары бизди сүйүндүрдү. Дагы белгилеп айтсам бала бакчанын кичинекей балдары да Манас айтып, майрамга даярданып келишиптир. Элибизде тынчтык болсун. Улуу жеңишти бизге алып келген аталарыбызга ар дайым таазим. Эч качан согуш болбосун. Балдарыбыз тынчтык жашоодо билим алып, ойноп-күлүп өсүшсүн. Майрамга даярдык жакшы болгондугун баарыбыз көрдүк. Айылыздагы Жеңиш паркында жайгашкан эстеликке окуучулар менен бирге Өлбөс полк жүрүшү уюштурулганы эсте калаарлык болду. Окуучулар аталарынын жана баатырлардын сүрөттөрүн колдоруна алып баскандарын уйрөткөн мугалимдерине терең ыраазычылык. Орок айыл өкмөтүнүн башчысына, айылыбыздын мектебинин директоруна ошондой эле коллективдерине айылыбыздын элине майрамдык маанай тартуулагандарына чон ыракмат айтабыз. Жаштарыбыз ыймандуу болуп өсүшсүн. Жерибизде тынчтык болсун», -деп оюн айтты.
Эч ким, эч нерсе унутулбайт!
Жыл сайын 9-май күнү бизге тынчтык жашоону жеңип берген муунга таазим этип эскерип келебиз. Жашасын тынчтык!
Динара Султаналиева