Кочкор айылында бүгүн 9-май Жеңиш күнү белгиленди. Иш-чара Кочкор райондук Маданият үйүнүн алдынан «Өлбөс полк» жөө жүрүш менен башталды. Ага айыл тургундары , окуучулар жана мугалимдер жааматтары катышышты. Жеңиш майрамынын официалдуу бөлүгү Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын алдында уланды.

«Өлбөс полк» жөө жүрүш учуру
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Эрмекбай Омошев Кочкор айылынын тургундарын жана келген конокторун Уулу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Эрмекбай Омошев куттуктоо учуру
Салтанаттуу иш-чарага Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын тургуну Ата Мекендик согуш учурунда тылда мал багуу менен фронтко өзүнүн зор салымын кошкон тыл ардагери Күрүчбек Асанов катышты.

Ата Мекендик согуштун ардакттуу тыл ардагери Күрүчбек Асанов
Официалдуу иш-чара Кочкор районунун аскер күчтөрүнүн парады менен жыйынтыкталды.

Салтанаттуу аскер парады учуру
Официалдуу бөлүгүнөн кийин Кочкор айылынын тургундарына жана конокторуна концерттик программа менен Кочкор райондук Маданият үйүнүн ырчылары аскердик ырлар менен чыгып элдин маанайын көтөрүштү.
Мадина Жокенова