9-май Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата Тогуз-Торо районунда «Өлбөс полк» парады уюштурулуп, райондун аймагындагы айыл өкмөттөрү, мекеме-ишкана жетекчилери, жашоочулары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталардын, тылда эмгектенген апалардын портреттерин, гүл, шар, ураан-чакырыктарды көтөрүп, жөө жүрүштөн өтүштү.
Андан соң 1941-1945- жылдардагы Улуу-Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналып тургузулган эстеликтин алдына гүл-чамбар коюлуп, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ок атылып, согушта элдин эркиндиги, өлкөбүздүн көз карандысыздыгы үчүн жан берип курман болгон ата-бабаларыбызды 1мүнөт эскерген соң, алардын арбактарына багышталып куран окулду.
Жеңиштин урматына арналган иш чаранын экинчи бөлүгүндө райондун акими Мирлан Карагулов баштаган бир катар мекеме жетекчилер куттуктоо сөздөрүн сүйлөгөн соң, концерттик программа тартууланды.
Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган спорттук иш чаранын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.
Мындан сырткары райондук маданият бөлүмү тарабынан “Унутулбайт атыңар, улуусуңар баатырлар” аттуу маданий иш чара уюштурулуп, патриоттук ырлар жана бий менен коштолду.
Ооган, Тажик-Ооган , Баткен согушунун ардагерлерине “Солдат боткосу” берилди.
Аким Мирлан Карагулов өз каражатынан акчалай Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын үй бүлөлөрүнө (жесирине) Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн тургун Асанова Аписа апага- 3000 миң сом, Каргалык айыл өкмөтүнүн тургуну Аписа Өмүрова апага 3000 миң сомдон жалпы 6000 миң сомду үйүнө барып тапшырды.
Албина Бейшеналиева