Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде Улуу Жеңиш күнүнө карата салтанаттуу тизим болуп өттү. Тизмге 1-11-класстар катышты. Салтанаттуу тизимди мектептин бүтүрүүчү классы даярдап, программаны жеңиш күнүнө арналган ырлар, бий, сахналаштыруу жана поэзия түздү.
Тизимдин башында мектеп мүдүрү Азамат Кашкариев куттуктоо сөзүн айтып өттү:
«Баарыбызды бүгүнкү 9-Май Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайм. Ардагерлерибизге терең таазим, алар болбогондо биз мындай күнгө жетерибиз белгисиз болмок.Ошол себептүү биз Мекенибизде бар арадагерлерди сыйлап, урматтап, баалашыбыз керек. Ардагерлер Мекен үчүн жан аябай күрөшүп, Мекенди сактап бизге өткөрүп берген. Биз да патриот болуп Мекенибизди көз карегиндей сактообуз керек.»
Окуучулардын кол өнөрчүлүктөрү.
Салтанаттуу тизимден көрүнүш.
Белгилей кетчү нерсе Суусамыр айылында жалгыз гана ардагер бар.
Тизимге айыл туругундары да күбө болушуп, келген конкотор жагымдуу маанайда кетишти. Мындай салтанаттуу тизим ар жыл сайын ардагерлердин урматына өткөрүлүп келет.
Бегимай Шамирдинова.