Суусамыр айылынын Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчү классы, класс жетекчиси Асель Бакаева жана айыл аймактык аялдар комитетинин төрагасы Нурзат Райымбекова Суусамыр айылынын жалгыз ардагери, Кошкоро Жаманкуловду 9-Май Улуу Жеңиш күнү менен куттукташты.
Ал Суусамыр айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери. 1942-1945-жылдары согушка катышып, 5 жолу жеңил жаракат алган жана экинчи топтогу майып.
Мектеп окуучулары ардагер менен биргеликте
Кошкоро Жаманкулов 1924-жылы Суусамыр өрөөнүндө жарык дүйнөгө келип 1942-жылы, 18 жашында Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, 1945-жылы 19-октябрда Мекенге жеңиш менен кайтып келген. Согуштан кийин 1952-1970-жылдарда мугалим болуп иштеп, учурда ардактуу эс алууда.
Кошкоро Жаманкулов(ортодо), Асель Бакаева(оңдо), Нурзат Райымбекова(солдо)
Бегимай Шамирдинова