Ак-Талаа районунда “Тайлак баатыр” балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин уюштуруусу менен волейбол жана футбол мелдеш өткөрүлдү. Ага мекемелерде эмгектенген кызматкерлерден жети команда катышып, мыкты оюн көргөзүштү.
Балдар спорт мектебинин жетекчиси Улан Доктурбек уулунун айтымында мекемелер аралык мындай мелдештер ынтымакты чыңдоо, сергек жашоо образы калыптандыруу, спортту жандандыруу жана өнүктүрүү максатында байма-бай өткөрүлүп турат.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан дипломдор жана белектер тапшырылды.
Мээрим Тентиева