
Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл округунда «Компаньон» уюму тарабынан алма фестивалы уюштурулган. Фестивалга жергебиздин жети дубанынан келген атайын өкүлдөр катышып кетишти.
Ноокат районунун элдери да иш-чарага күбө болду. Эми мындан ары да ушуга окшогон иш-чаралар көп болуп турушун баса белгилешти.
«Компаньон» компаниясынын директору Мелис Дүйшөкулов иш-чаранын максаты — Ноокаттын алмасын өлкө боюнча эле эмес, дүйнөгө таанытуу дейт.
«Буга чейин Кыргызстандын түндүк тарабында ушуга окшогон фестивалдар байма-бай өткөрүлүп келген», — деди өз сөзүндө Мелис Дүйшөкулов.
Бул фестиваль Кыргызстандын түштүк тарабында экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Биринчи жолу Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүндө өткөн. Ага атайын башка мамлекеттин өкүлдөрү келип катышып келишкен.
Фестивалга Ноокат районунун элдери да өз алмаларын, алмадан жасалган пирог, торт, сок, кургатылган алма, алма формасындагы ар кандай колдо жасалган кооз буюмдары менен көргөзмөгө катыша алышты.
Айыл тургуну Химия Насирова бул фестивалга эң чоң алма сынагына катышып, баш байгени жеңип алагн.
«Компаньон уюмунун өкүлү келип мектебибизде ушундай алма конкурсу болот деп айткан эле. Анан алманы улаткан элек. Эки жыл болду. Быйыл түшүм алып, он даана эле алды. Ошонун арасынан эң чоңун сактап, көргөзмөгө алып чыктым. Акырында эң чоң алма деп табылып 1000 сом акча алдым», — деди Химия Насирова.
Көргөзмөдө атайын өкүлдөр алма тууралуу жакшы кеңештерин,кантип өстүрүү, кароо керектиги жөнүндө багыт бере кетишти.
Даярдаган: Салиха Абдуллаева
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка