
Ноокат районуна караштуу Кара-Кой жайлоосуна антен берилди. Антен орнотуу иштери июнь айларында башталып, август айынын аягында бүткөн.
Айыл тургундары үч жыл мурун арыз жазышкан, жыйынтыгында Билайн компаниясы демөөрү болуп антен алып келип беришти.
Буга чейин айыл тургундары жөн гана электр жарыгы менен күн өткөзүп келишчү. Эми болсо интернетти, уюлдук байланыштарды, сыналгыны кеңири колдоно алышат.
Кара-Кой жайлоосунун тургундарынын айтымында, алар мурда тууган-уруктары менен тоо кырына чыгып, антен тарткан жерден байланышып келишчү. Жакшы-жаман кабарларын, өткөн-кеткен унаалардан айттырып, алардын бири айтса, бири унутуп жана башка себептерден улам айтылбай калган учурлар көп болгон.
Жайлоо тургуну Шарапат Мамытованын айтымында, антендин орнотулушу жаштардын келечегине жакшы болду.
«Биз мурда светтин жоктугунан кыйналчу элек. Свет келди. Эми болсо телевидениеге телевышка коюлду. Телефонго станция коюлуп, жаштардын келечегине, өзүбүзгө дагы жакшы болду. Биз тоолуктар абдан кубанычтабыз», — деди өз сөзүндө Шарапат Мамытова.
Ушул эле жайлоо тургуну Абдумалик Жумабаев үч жыл мурда суранганы эми ишке ашып отурганына кубанычын мындайча билдирди.
«Айыл башчыбыз катышып, аракет кылды. Эл дагы жардам берди. Биз үч жыл мурун суранганбыз быйыл ишке ашып калып, кудай буйруп, жакшы. Билайн компаниясына ыраазычылык билдиребиз», — деди Абдумалик Жумабаев.
Даярдаган: Салиха Абдуллаева
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка