Райондун аймагында билим берүү мекемелеринде 2020- жылдын 10- февралынан 15-февралына чейин илим, техника жана өндүрүш жумалыгы жогорку деңгээлде уюштурулду. Жумалыктын алкагында бардык мекемелерде өлкөнүн өнүгүшүндөгү илимдин жана техниканын ролун , өсүп келе жаткан муунга кызыктуу маалыматтарды жеткирүү максатында сынактарды окуучуларды тегерек столдогу маектерди, акцияларды жана илимпоздор менен жолугушуу иш-чаралар пландар иштелип чыкты.
«Илим, техника жана өндүрүш» жумалыгынын уюштуруучусу райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Эркин Эргешов. Уюштуруучунун айтуусу боюнча бул жумалыкты өткөрүүнүн максаты өсүп келе жаткан муундарга кызыктуу маалыматтарды жеткирүү жана кароо сынак аркылуу балдардын дүйнө таанымын кеңейтүү, ой жүгүртүүлөрүн өстүрүү деп билдирди.

«Илим, техника жана өндүрүш» жумалыгы 2020- жылы мурунку өткөн иш-чараларга салыштырмалуу жогорку деңгээлде өттү. Кароо сынакка 6 — класстан жогорку окуучулар катышышты. Кулатов айыл өкмөтүнөн Т Айбашев жана Ж Бөкөнбаев атындагы орто мектептери катышып, алдыңкы орундарды ээлешти. 1-орунду Кулатов айыл өкмөтүнөн Т Айбашев орто мектебинин 7- классынын окуучусу Темирбаев Байсал ээледи. Ал эми 2- орунду да ушул эле Айбашев орто мектебинин 7- классынын окуучулары Зикиряев Алихан жана Галдыбаев Өмүр ээлешти. Темирбаев Байсал кар көчкүдөн сактоо үчүн күндөн энергия алып, машиналардын коопзудугун сактоочу ойлоп табылган табылгасы боюнча алдыңкы орунду ээледи. Мектеп ичинде өткөрүлгөн «Биз 21 кылымдын интелектуаллдарыбыз» аттуу иш-чарада 5-6-7- класстарынын уул балдарынын арасында өткөрүлгөн ойлоп табуучу өндүрүшкө пайдалуу деп табылган ар кандай нерселерди жасап үйрөнүүдө мектептин мугалимдери Арыстанов Ысак технология мугалими, Арыкова Бурул Турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери мугалимдеринин жакындан жардамы аркылуу ийгиликтерге жетишишти.
1-орунду ээлеген Темирбаев Байсал
Даярдаган: Жалалова Таңнуру, Кожоева Асылкан, Нурдинова Замира