Ноокат районунун Куу-Майдан айылында жаңы мончо ачылды. Мончону айыл тургуну Занаш Молдожанов 2015-жылда кура баштаган эле.

Ал мончо 2016-жылы курулуп бүттү. Ал 23-февралда кудай кылып мончосун ачты. Мончо бир жылда курулуп эки миллион акча сарпталган.

Занаш Молдожановдун айтымында:»Ачылганына эки күн болсо дагы элдин агымы көп.Бул мончого эки миллион акча жумшадым.Бул жактагы мончолордо бассейн жок болгондуктан мен бассейн да курууну чечтим»- дейт Занаш Молдожанов.

Куу-Майдан айылынын тургуну Аскат Мамасадыковдун айтымында: «Бул мончонун курулганы абдан жакшы болду. Биз абдан кубанычтабыз анткени башкалардан айырмаланып бассейини менен курулду»- дейт Аскат Мамасадыков
Даярдаган:Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн