Ноокат районунун Куу-Майдан айылында мыкты жигит конкурсу болуп өттү. Мыкты жигит конкурсу 23-февралга карата болду.

Конкурска алты жигит катышты. Алар Аятулла Айтмамат уулу, Ысмайыл Абдибек уулу, Мустафа Адилбек уулу, Нурманбет Арын уулу ,Эрлан Кутманбек уулу жана Сыймык Азизбек уулу.

Мыкты жигит конкурсуна алты программа коюлду .Алар төмөндөгүчө: Саламдашуу,гир көтөрүү,аскердик кийимдин жакасын тигүү,акробатикалык оюндар жана өздөрүнүн хоббиси болгон.

Мыкты жигиттерди колдоп жатышты. Жыйынтыгында Аятулла Айтмамат уулу 1-орунду багындырды . Мустафа Адилбек уулу 2- орунду, Эрлан Кутманбек уулу 3-орунду багындырышты.

Уюштуруучу Абубакир Гаиповдун айтымында «конкурсту откорүүнүн эн негизги себеби патриоттуулукка тарбиялоо жана аскерге чейинки даярдык . Жигиттер каттуу даярданышыптыр»- дейт Абубакир Гаипов.
Биринчи орунду багындырган Аятулла Айтмамат уулунун айтымында:» Жеңишке талбаган аракетимден улам жеттим деп ойлойм .Калыстардын чечимине ыраазымын дейт Аятулла Айтмамат уулу»

Катышуучу Нурманбет Арын уулунун айтымында: «Мен жеңилгениме өкүнбөйм. Анткени класстан суурулуп чыккандын өзү мыкты деп ойлойм.Калыстардын чечимине ыраазымын»- дейт Нурманбет Арын уулу»

Көрүүчү Луиза Курсанбек кызынын айтымында:»Жигиттердин абдан каттуу даярданганы көрүнүп турду. Алардын баары эле мыкты жигит деп ойлойм дейт»-Луиза Курсанбек кызы.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Cынак үчүн