Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы бүгүн жергиликтүү кеңешке талапкерлердин документтерин кабыл алууну токтотту. Үстүбүздөгү жылдын 27-мартында өтүүчү шайлоого карата 89 талапкер арыз берген.
Тактап айтсак Баетов айылдык кеңеши 21 мандаттан турат. Ал эми жогорудагы талапкерлердин сандык көрсөткүчү бир орунга 4 адам туура келерин көрсөтөт.
Алынган маалыматка караганда быйыл талапкерлер көп катталганынын себеби күрөөгө коюлуучу акча каражаттын жоктугу. Айрымдары жөн гана бир күн жылдыз болуу үчүн деле арыз берип жатышат.
Даярдаган: Г.Мамытбекова