Нарын районуна караштуу Учкун айылында «Чоро Кожомжаров» атындагы маданият үйү союз убагында тургузулган. Учурда болсо анда маданий кечелерди уюштурууга эч кандай ыңгайы жок.
Маданият үйү 1970-жылы тургузулган. Акыркы жолу АРИС программасы тарабынан 2003-жылы оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн.

Февраль айынын орто ченинде маданият үйүндө тасма көрсөтүлүп, тургундар тасмага карата эмес, маданият үйүнүн абалы боюнча ар кандай ойлорду билдиришкен.
Айыл тургуну Бакыт Болотакунов эл маданий кечелерге суусап турат, бирок маданият үйүндө шарттын жоктугу өкүндүрөөрүн айтат.
“Ичи абдан суук, эгер кандайдыр бир концерттер болсо кыйынчылыктар жаралат. Бирок эл маданий массадагы кечелерге, сармердан сыяктуу иш-чараларга суусап тургандыгы көрүнүп турат. Мындай элге шарт түзүп бериш керек”, — дегеп пикирде ал.

Учкундун дагы бир тургуну Жумабүбү Балбакова элдин маданиятын көтөрүү үчүн маданият үйүн ишке киргизип, шарттарды түзүш керек дейт.
“Маданият үйдүн келечеги элдин, маданияттын келечеги. Эгер маданият үйүбүз жаңыланбаса эл маданият тарабынан аксап калат. Ошондуктан бизге шарттарды түзүп бериши керек да. Эртерээк оңдоп беришсе жакшы болмок. Азыр концерттерди да коюп келгенден зарканышат”, — дейт Балбакова.
Маданият үйүнүн башчысы Мирлан Дүйшөкеев дагы мекемеде шарттын жоктугун мойнуна алат. Мындан улам айрым иш-чараларды кийинкиге жылдырып турууга туура келгенин белгилейт.
”Азыр элдердин маданият тармагына кызыгуусу өсүп жатат. Ошого карата 23-февралда маданий массадагы жергиликтүү таланттар менен концерт коёлу дегенбиз. Бирок маданият үйдүн сууктугунан, сахнабыздын тардыгынан ал планыбыз ишке ашпай калды. Аны 8-мартка жылдырдык», — дейт маданият үйдүн башчысы.

Учкун айылынын башчысы Максат Кулмамбетов 2016-жылы маданият үйү оңдолоорун билдирди.
“Айыл өкмөттүн бюджетине бекиткенде бул маселени көтөрдүк. Акча каражаты бөлүнүп берилмей болду. Бюджеттин тартыштыгынан улам азыраак бөлүп берет. Бюджеттин жарымы былтыркы жылдын калганынан, ал эми жарым пайызы быйылкы жылдын эсебинен болмокчу», — деп билдирди айыл башчысы Кулмамбетов.
Эгер эртерээк бөлүнүп берилсе жаздын алды менен оңдоолор башталмакчы. Бирок бөлүнгөн акча имараттын ичин жана сыртын оңдоого жетип, эмерек жана буюмдарга жетпесин кошумчалады Учкун айылынын башчысы Максат Кулмамбетов.
Даярдагандар: Майрам Төрөгелди кызы, Жанара Баялиева.
Сынак үчүн