Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары арасында аскердик-спорттук “Зарница” сынагы өттү. Сынак жободо белгиленген тапшырмалардын негизинде өтүп, окуучулар жигердүү катышты.


Командалар противогаз кийүү, автоматты белгиленген убакта чачуу, жыйноо, кол күчүн сыноо, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, аркан тартуу жана эстафеталык көнүгүүлөрдү аткаруу сыяктуу тапшырмаларды аткарышты.


Эки команда тең оюндун жүрүшүндө артыкчылыктарын корсөтүүгө аракет кылышты.

Мектептин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Ш. Мурзабеков:
“Бул спорттук мелдеш салт катары жыл сайын Куралдуу күчтөрдүн күнүнө карата өтөт. Мындай иш чаралар жаш муундарды шамдагай болууга, ошол эле учурда патриоттуулукка тарбиялайт”.
Сынактын жыйынтыгында 11-б классынын командасы жеңишке жетишип, грамоталар менен сыйланышты. Иш чарага Афган согушунун ардагерлери, ата-энелер, укук коргоо жана аскер комиссариатынын жана башка коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Даярдагандар: А. Касмалиева, Н. Муратбекова
Сынак үчүн