К. Конушбаев атындагы орто мектебинде шахмат боюнча мелдеш болуп өттү.
Мелдеш 7-11- класстар арасында өткөрүлүп жеңүүчүлөр аныкталды.Бул тууралуу аталган орто мектептин дене тарбия мугалими Ишембий уулу Нурмухаммед билдирди:
«Мелдештин максаты мектеп окуучуларынын интелектуалдык ой-жүгүртүүсүн өркүндөтүү жана окуучулардын компьютер телефондон алаксытып шахмат оюнуна кызыктыруу болду.»
Оюндун катышуучусу Сактан Кабылбеков:
«Мелдеш абдан кызыктуу болду, атаандаштарым абдан күчтүү экен. Оюнда өзүм курактуу балдар менен таймашып,1-орунга ээ болдум.» дейт.
Белгилей кетсек, буга чейин мектеп ичинде шахмат боюнча мелдеш болгон эмес.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы