23-Февралда Атамекенди коргоо күнүнө карата Суусамыр айылында балдар арасындагы күрөш оюну болуп өттү.
Мелдеш райондук деңгээлдеги турнир деп аталып,ага ар тараптан мыкты күрөшкөн мырзалар келишкен.Бул боюнча күрөштүн уюштуруучусу Абдиев Жээнтай төмөндөгүлөргө токтолду:
«Мелдешке Суусамырдын мыкты атуулу Манас Карабаев демөөрчүлүк кылды. Оюнга Кара балта шаарынан 2 команда, Эриктүүдөн,Алексеевкадан жана Суусамырдан 4төн команда катышты.»
Мелдештин катышуучусу Фархат Өмүров:
«Күрөшкө катышуу максатым,биринчиден спорт денсоолукту чыңдайт дегендей денсоолукка кам көрүү, ал эми экинчиден өзүмдү коргоо.»,- дейт.
Жыйынтыгында командалык эсепте жеңишке Кара балта шаары ээ болгон.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы, Нургиза Нурпаисова